«Дордойдо» банктын имаратынан өрт чыкты

Бишкек шаарынын «Дордой» базарында жайгашкан «Кыргызстан» банкынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Өрттү өчүрүүгө саат 09:55те Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Кошумча саат 10:00дө Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган.