«Дордойдон» салык чогулткан 5 салыкчы кармалды

Салык кызматынын буга чейин “Дордой” соода-базар комплексинде салык чогултууга жооптуу болгон 5 кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары тарабынан уюштурулган салык төлөөдөн качуунун коррупциялык схемасы аныкталып, бөгөт коюлган. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө салык реформасын ишке ашырууга терс таасирин тийгизген, Мамлекеттик салык кызматынын “Дордой” соода-базар комплексинин аймагындагы салыктарды тескөө үчүн жооптуу айрым кызмат адамдары тарабынан жеке баюу максатында ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүү менен коррупциялык схеманы уюштурушканы аныкталды. Бул коррупциялык схема 5-6 жыл туруктуу туруп, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ар бир мыйзамсыз аракеттери үчүн акчалай сыйлык алып турган.

Маалымат катары: “Дордой” соода-базар комплексинин бир базарынын аймагында 600дөн ашык соода жайлары бар, ал эми салык 400 гана ишкерден түшүп турган. Жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын 5 кызматкерин жоопкерчиликке тартууга жетиштүү далилдер алынган.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмышты жасаган деген шек менен сотко чеийинки өндүрүштүн алкагында Салык кызматынын 4 кызмат адамы жана Салык кызматынын азыркы жетекчилеринин бири кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.