“Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери коррупция фактысы боюнча кармалды

“Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен катталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагында системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы боюнча аталган пункттун аскер кызматкерлери, Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун түштүк аймагы боюнча башкы дарыгеринин орун басарынын милдетин аткаруучу, санитардык карантин пунктунун мурдагы башчысы, ошондой эле пункттун аймагындагы кызмат адамдарынын мыйзамсыз акча өндүрүүсүнө тиешеси бар ортомчулар кармалды.

Жогорудагы адамдарга карата Ош шаардык соту тарабынан 24-июнга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.