«Достуктун» бажы башчысы менен Оштун башкы темир жолчусу коррупцияга шектелип кармалды

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен каралган кылмыш ишинин алкагында Бажы кызматынын «Достук» алдын ала бажы процедурасынын жеринин башчысы Н.А.Н., Ош темир жол башкармалыгынын башчысы К.Б.Ж. жана «Достук» алдын ала бажы процедурасынын жеринин кезектик башчысы Т.М.К. кармалышты. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Такталгандай, жогорудагы адамдар «Достук» АБПЖ постунда алдын ала бажы процедурасынын жери аркылуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын чогултуу боюнча мыйзамсыз баюу максатында туруктуу коррупциялык схеманы уюштуркан. Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Учурда тергөө иштери уланууда.