«Дракон» каймана аттуу адамдын өлүмүнө шектелип 5 адам кармалды

Бүгүн, 11-февралда Кызыл-Кыя шаарында адам өмүрү кыйылган мушташтын катышуучулары кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн түн ортосунда Кызыл-Кыя шаарынын аймактык ооруканасына 39 жаштагы жергиликтүү тургун оор абалда жеткирилген. Ал жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болгон. Бул факты Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту (этиятсыздыктан ден-соолукка оор зыян келтирүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери ачылган. Жогорудагы кылмышка шектүү катары 5 жаран кармалды.

Бул адамдар Кызыл-Кыя шаарынын Жаштык көчөсүндө орун алган кафелердин биринде отуруп, спирт ичимдигин ичишкен. Ортодогу пикир келишпестиктен улам мушташып кетишкен. Анын кесепетинен 1 адам жаракат алып, ооруканада каза болгон. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жергиликтүү тургундар шектүүлөрдүн маркумду таш менен башка чаап жибергендигин, каза болгон адам «Дракон» деген каймана аттуу Адылбек М. экендигин айтышты.