Дубайда кыргызстандык келин ымыркайын өлтүрүүгө айыпталып жатат

Дубай соту 28 жаштагы Кыргыз жаранына жаңы төрөлгөн баласын атайылап өлтүргөн деген айып такты. Бул тууралуу «Russian Emirates» жазып чыкты. Иштин материалдарында келин кош бойлуу кезинде баңгизат колдонгону жана кыз төрөгөндөн кийин аны жаздык менен муунтуп өлтүргөнү көрсөтүлгөн.

«Экспертизанын жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, баланын канында амфетамин жана метамфетамин бар, көз жумар алдында анын баш сөөгү жана көкүрөк сөөгү сынган. Айыпталуучу үйүндө төрөгөн ымыркайдын сөөгүн алып чыгууга аракет кылгандан кийин кармалган. Ымыркайдын сөөгүн кыргызстандык аялдын кошунасы тапкан.

Кошунасы адегенде аялдын бөлмөсүнөн адамдын онтоп жатканын, кийин ымыркайдын ыйлаган үнүн уккан. Ал аялдын бөлмөсүнөн чыгуусун күтүп, ал чыккан соң, анын бөлмөсүнө кирип, шкафка жашырылган кан болгон жуурканды көргөн. Үч күн өткөн соң, келиндин чоң таштанды салууга ылайыкталган баштык менен үйдөн чыгып бара жатканын көргөн. Ал киши баштыкты көтөрүүгө жардам берүүнү сунуштаган, бирок ал баш тарткан жана баштык жырылып кеткен. Анын ичиндеги ымыркайдын сөөгүн көрүп, полицияга кайрылган. Сотто коңшусу баштыктан жагымсыз жыт чыгып турганын, чымын айланып учуп жүргөнүн айтып берген. Сурак учурунда айыпталуучу жаңы төрөлгөн кызды жаздык менен муунтуп өлтүргөнүн айткан. Атайылап өлтүрүүдөн тышкары, сот аны баңгизат колдонгон деп да айыптады», — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз жараны 2020-жылдын июнь айында камакка алынган, ал эми баласын ошол жылдын 27-майында ижарага алган батиринде көз жарган.