«Душта көз жарган». Жалал-Абадда табылган ымыркай жана энеси тууралуу маалымат

Буга чейин Жалал-Абадда таштандыдан ымыркай табылганы айтылган. Жалал-Абад ОИИБден маалымат беришти.

«18-ноябрь күнү саат 08:40 чамасында Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи шаарчасындагы таштанды таштоочу жайда жаңы төрөлгөн ымыркай кыз табылган. Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, тиешелүү матералдар чогултулган. Териштирүү учурунда ымыркайдын апасы таштанды таштоочу жайга жакын жердеги батирде убактылуу жашап жаткан Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын тургуну 2005-жылы туулган кыз экендиги аныкталган. Ал 18-ноябрь күнү саат 07:30 чамаларда убактылуу жашаган батиринин душунун ичинде кыз төрөп, төрөгөн кызын коркуп колуна алып эшикке чыгып, баланын кийимине ороп, таштанды таштоочу жайга алып барып таштап койгон. Ымыркайды таштанды таштоочу жайдан таап алган жаран менен милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү ымыркайды төрөт үйүнө алып барышкан учурда ымыркай үшүп муздап калганы, абалы оордугу, бою 44 сантиметр, салмагы 2300 грамм, дене температурасы 35 градус экендиги такталган. Ымыркай азыр тирүү», — дешти.