Дүйшөн Ирсалиев адегенде кызматсыз калып, эми кармалды

Кечээ, 6-январда “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы башчысы Дүйшөн Ирсалиев коррупцияга шектелип кармалганын УКМКдан билдиришти. Андан тышкары “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын аткаруучу директору да колго түшүрүлгөн. Маалыматка ылайык, аталган эркин экономикалык аймакта акча каражатын чыгаруу боюнча туруктуу коррупциялык схема бардыгы аныкталган. Кармалган эки адам УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Дүйшөн Ирсалиев “Бишкек” эркин экономикалык аймагын 2015-2020-жылдар аралыгында башкарып турган. Ал бул кызматтан өткөн жылдын октябрь айында өкмөт башчы Садыр Жапаровдун буйругу менен бошотулган эле.