Дүйшөнбек Зилалиев УКМК тарабынан кармалды

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ал 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып жарандан 50 миң доллары өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталган. Бирок убадаларын аткарбай, алган акча каражаттарын кайтарып берген эмес. Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде 15-мартта УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин Дүйшөнбек Зилалиевге карата «мыйзамсыз байыган» деген айып менен кылмыш иши козголгон. Жаңы Кылмыш-процессуалдык кодексинин күчүнө киргендигине байланыштуу камактан бошотулган болчу.