Дүйшөнбек Зилалиев менен Мелис Сатыбеков камакта калтырылды

Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев менен Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору  Мелис Сатыбековдун баш коргоо чарасы кармалып, камакта калтырылды.

Маалыматка караганда, алар 4-ноябрга чейин камакта калтырылган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, алар коррупция жана мыйзамсыз лицензия берүүгө айыпталып жатышат.