Бүгүн, 17-февралда Бишкек шаардык сотунда мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча отурум өтмөк.
Катчынын маалыматы боюнча, УКМК тарабынан кат берилген. Анда Зилалиев өзүн жаман сезип жатканы тууралуу айтылган. Ага байланыштуу бүгүнкү отурум да жылдырылды.
12-февралдагы отурум айыпталуучунун ден соолугуна байланыштуу жылдырылган болчу.