«Эч кимге доом жок». Колумду байлап, сабашты деген киши чынында эле сабалганбы? Милициянын жообу

4-май күнү 1968-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну денесиндеги жарааттары менен Сузак районунун Октябрь аймактык ооруканасына түшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, топтолгон материал ошол күнү Сузак РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөнүн караштуулугу боюнча материал Жалал-Абад ШИИБге жиберилген. 5-май күнү Жалал-Абад ШИИБге Жазык Кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, жабырлануучу төмөндөгүлөрдү билдирип, эч кимге доосу жок экенин айткан. “2-май күнү саат 13:00 чамасында Мурад аттуу таанышым келип “Иш бар, иштейсиңби” деп айтты. Мен эмне жумуш экендигин сурасам, өзүнө койчу керектигин билдирди. Мен макул болуп саат 17:00 чамасында Мурад менен жайлоого кеттим. Тахырга звонок кылып жайлоого кетип жаткандыгымды айттым. Айткан соң жолдо бара жатып магазинден токтоп, мен спирт ичимдигин алып чыктым. Мурад экөөбүз жолдо бир аз ичип жаттык. Жайлоого жеттик. Кайсы жайлоо экендигин билбейм. Автоунаадан түшүп, бир атка Мурад экөөбүз минип баратып, мен аттан кулап түштүм. Ат мени 15-20 метрдей аралыкка сүйрөп кетти. Мурад атты токтото албай, ал да жерге кулап жатып калды. Андан соң мен кайра Жалал-Абад шаарына кетмекчи болгон учурда 2 милиция кызматкери ооруканага алып келди. Мен мас абалда болгон үчүн Тахыр урду жана машинага жүктөдү деп айтып салгандыгымды билбейм. Себеби мас элем. Эч кимге арыз доом жок”.

Ошондой эле жабырлануучу соттук медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан иш өндүрүштөн кыскартылган. «7-июнь күнү ютуб каналына тараган  видеотасмада айтылган дооматтарды текшерүү максатында мурдагы сотко чейинки өндүрүш ишин кыскартуу токтомун жокко чыгарып, кошумча текшерүү жүргүзүү үчүн Жалал-Абад шаардык прокуратурасына өтүнүч келтирилди. Учурда өтүнүч каралууда», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 7-июнда социалдык тармактарга мыкаачылык менен сабалган кишинин видеосу тараган эле. Ал Жалал-Абад облусунда тартылган деп божомолдонуп, бирок так убактысы белгисиз болчу.