«Эчки менен жыныстык катнашка барып, оору жуктурду». Кызыл-Кыяда аялы күйөөсүнүн үстүнөн милицияга арыз жазды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жергиликтүү тургун эчкиге карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы тууралуу маалымат текшерилип жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 53 жаштагы аял киши кайрылып, 43 жаштагы жолдошу короодогу эчкини зордуктап, мурда ооруп жүргөн жугуштуу оорусун эчкиге жуктурганын айткан. Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБге катталып, тергөө иши жүрө баштаган.

Учурда арыздануучунун эчкисине ветеринария кызматы тарабынан текшерүү дайындалган. Окуя боюнча тийиштүү адамдар суралып жатат. Тергөө уланууда.