«Ээгине такап…» Ысык-Көлдө 50 жаштагы киши өзүн-өзү атып өлтүрдү

Жети-Өгүздө 50 жаштагы киши мылтык менен өзүн-өзү атып көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 18-ноябрда саат 00:55 чамасында болгон. Жети-Өгүз райондук оорукананын Тез жардам кызматынан Жети-Өгүз РИИБге маалымат түшкөн. Анда Кызыл-Суу айылынын 1971-жылы туулган тургуну курал менен өзүн-өзү атып, каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган факты Жети-Өгүз РИИБге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Териштирүүдө анын жакындары көрсөтмө беришип, анда мылтык жарандын өзүнө таандык экени, мылтыкты ээгине такап атынганы маалым болду. Анын жубайы көрсөтмө берип, окуя ал уктап жатканда болгонун айткан. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.