«Жакшы жагынан гана билем». Камчыбек Ташиев Анаркуловдун кармалышы боюнча үн катты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттик аппараттын басма сөз кызматынын башчысы Нургазы Анаркуловдун кармалышы боюнча үн катты.

Анын айтымында, ал Анаркулов менен көп жылдан бери тааныш. Бирок ага тагылып жаткан айыптар чын болсо, мыйзамга баш ийүү керек.

“Мен Анаркуловду жакшы жагынан гана билем. Бирок аны УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана жогорку мамлекеттик кызмат ордуна талапкерди жумушка орноштуруу үчүн пара талап кылган деген шек менен кармашты. Мындай мыйзамсыз аракеттер жарандардын бийлик өкүлдөрүнө болгон ишенимине терс таасирин тийгизип, өлкө жетекчилигинин эл алдындагы беделин түшүрүп жатат»,- деди ал.

“Эгерде ал чындыгында эле коррупцияга аралашкан болсо, анда ал мыйзам чегинде жооп берет. Биздин жеке тааныштыгыбыз жана жакшы мамилебиз бул кылмыш ишин тергөөгө эч кандай таасирин тийгизбейт. Дагы бир жолу баса белгилегим келет, социалдык абалына, тууганчылыгына, улутуна жана башкаларга карабастан, коррупцияга күнөөлүүлөр аныкталса, жоопко тартылат”,- деди Камчыбек Ташиев.