«Эгер кызың мени менен жашабаса, сүрөттөрүн жарыялайм». Баткенде 65 жаштагы аялды коркуткан жаран кармалды

Баткенде 65 жаштагы аялды коркутуп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Айдаркен шаарынын 65 жаштагы тургунунун (аял киши) телефонуна жаран чалып, «эгер кызың мени менен жашабаса абийирин ачып, элге, тууган урукка сүрөттөрүн жарыя кыламын» деп бир нече жолу шантаж кылып жүргөн.

Бул арыз Кадамжай РИИБге каттоого алынып, Жазык кодексинин 186-беренеси (жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында, Айдаркен шаарынын 30 жаштагы туругуну аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.