Египетте «Казак» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Египетте Интерпол линиясы боюнча издөөдө жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кыргыз Республикасынын ИИМи эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү, башка өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен кызматташтыкты бекемдөө жана ыкчам маалымат алмашуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө. Дүйнөлүк Интерпол маалымат базалары менен интеграциялоо жана чет өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен координациялоо аркылуу, чек ара мүнөздөгү кылмыштардын бети ийгиликтүү ачылып, жарандар изделүүдө.

Кыргызстан менен Египеттин ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери жүргүзгөн биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Каирде «Казак» каймана аты менен белгилүү 1981-жылы туулган М.У. кармалды. Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинде каралган (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган зордуктоо) кылмышка шектелип, Ош  ОИИБи тарабынан изделип жаткан.

2023-жылдын июнь айында Ошто М.У. жана анын шериктери алдамчылык жолу менен 1998-жылы туулган С. А. аттуу жабырлануучуну унаага салып, шаардагы мейманканалардын бирине алып келишкен. Мейманканага кирип, аталган адамдар физикалык күч колдонуп, кызды зордукташкан.

Кылмыштын оордугуна карабастан, сот шектүүгө карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Андан кийин М.А. белгисиз тарапка изин жашырып, Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган. Кармалган жаран дагы бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө.