Эгиз балдарын аёосуз сабаган келиндин видеосу тарады. Видеонун Ошто тартылганы айтылууда

Социалдык тармактарда «заара ушатасың» деп эгиз балдарын аёосуз сабаган делген эненин видеосу тарады. Видеодон аял кишинин кичинекей балдарын уруп, тилдеп жатканын көрүүгө болот.

Интернетке тараган маалыматтар боюнча видео Ошто тартылган. Маалыматтарга караганда, келин жолдошу менен ажырашып кеткен.

Маалымат алуу үчүн Ош ОИИБге кайрылганыбызда, маалымат берилерин убадалашты.