«Эжеси катуу урушуп койгон». Балыкчыда изделип жаткан 17 жаштагы жигит асылган абалда табылды

Балыкчы шаарынын ээн калган имаратынын ичинен дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Азим Садырбековдун жансыз денеси асылган абалда табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-август күнү саат 19:10 чамасында Балыкчы ШИИБге «Судоремонт» заводунун күн чыгыш тарабында жайгашкан имараттын ичинде 18-20 жаштагы белгисиз уландын жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө кабар түшкөн. Кабар боюнча окуя болгон жерге барган шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу белгисиз улан имараттын ичинде арканга асынып каза болгондугун аныкташкан. Сырткы кароо жүргүзүү учурунда уландын денесинен криминалдык тактар байкалган эмес. Аталган факты Балыкчы ШИИБге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Табылган белгисиз уландын эмне себептен каза болгондугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

«Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө каза болгон уландын аты-жөнү аныкталды. Ал дайынсыз жоголгон деп изделип жаткан 17 жаштагы Азим Садырбеков болуп чыкты. Уланды анын туугандары да тастыкташты», — деп айтылат маалыматта.

15-августта Балыкчы ШИИБге Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, анын уулу 13-августта Балыкчы шаарындагы үйдөн чыгып, кайтып барбаганын маалымдаган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында дайынсыз жоголгон уландын эжеси, 27 жаштагы Балыкчы шаарынын тургуну күбө катары суралган. Күбөнүн көрсөтмөсү боюнча, иниси анын Балыкчы шаарындагы үйүндө убактылуу жашап, дүкөндөрдүн биринде иштеген. Ошол күнү алардын ортосунда, иниси ишинен дем алыш күн алгандыгы боюнча пикир келишпестик чыгып, анын натыйжасында эжеси инисин катуу урушуп койгон. Ушундан улам, иниси үйдөн чыгып кетип, кайтып барган эмес.

Учурда дайынсыз жоголуп, жигиттин табылган өлүгү боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүрүүдө.