«Эжесине дары берип, уктатып…». 62 жаштагы киши 13 жаштагы кызды зордуктап жүргөн (видео)

Чүйдө 2005-жылы туулган кыз 13 жашынан бери жездеси тарабынан зордукталып жүргөн. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров жазып чыкты.

Маалыматка караганда, адвокатка окуя боюнча жабырлануучу Айчолпондун (аты өзгөртүлдү) атасы Таалай Жолчубаев (аты өзгөртүлдү) кайрылып төмөнкүлөрдү айтып берген.

«Менин эжем 2005-жылы туулган кызымды үйгө жардам берип, ошол жактан окусун деп алып кеткен. Өзүлөрүнүн балдары чоңоюп, көчүп кетишкен. Кызым алардыкына баргандан кийин 2 жума өтпөй жездеси кызыма ыдык көрсөтө баштаган экен. Үйдө эч ким жок кезде, жылаңач жүрүп, кызыма уяттуу жерин кармап көрүүсүн да айтыптыр. Ошону менен бирге эле, кызымды мазактап, «менин 7-класста окуган кызым бар» дечү экен. Кечинде эжемди дары менен уктатып коюп, кызымдын оозун жаап, зордуктап жүрчү экен. Зордуктаган сайын, кызым эс учун жоготчу экен. Ысык-Көлгө барышат. Эжем ар кандай процедураларга кеткенде да кызымды зордуктайт. Кызым бизге «жездем колумду, бутумду, төшүмдү кармайт» деп айтчу. Биздин жаман оюбуз жок эле «жезде катары кичинекей бала менен ойноп койсо керек» деп койчубуз. Анткени ал 62 жашта, кызым 13 жашта болчу. Кызым жакында эле Чүйгө аттестатына барып, эжесине баарын ыйлап айтып бериптир. Аны уккан эжеси бычак алып күйөөсүнө чуркаган кезде, кичүү уулу кармап калыптыр. Анан кызым келип, бизге айтып берди. Биз эмне үчүн мурда эч нерсе айтпай келгенин сурадык. Көрсө, ал менин кызымды коркутуп, «ооз ачсаң атаңды өлтүрүп, сени муунтуп салам» дептир. Кызым өлөм деп күрөө тамырын кесүүнү да ойлогонун айтты. Биз кызыбызды убагында токтотуп калдык. Гинекологго да бардык. Тилекке каршы бул чындык болуп чыкты», — деген кыздын атасы.

Адвокаттын айтымында, окуяны Чүй ОИИБдин тергөөчүлөрүнө айтып беришкен. Милиция кызматкерлери шектүүнү суракка алып, үйүнө коё беришкен.