Екатеринбург полициясына Кыргыз жаранынын уурдалгандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн

иллюстрация

Екатеринбург шаарынын полициясына Кыргызстандын 31 жаштагы жаранын уурдап кеткени боюнча билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу eanews.ru басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, уурдалган адамдын энеси 8-майда эртең мененки саат 8:30да Амундсен аялдамасында белгисиз адамдар уулун күч менен унаага салып кетишкенин айткан. Эртеси уулу уурдагандардын буйругу менен телефондон чалган. Ал ата-энесине аны бошотуу үчүн 150 миң рубль которуш керектигин айткан.

Басылманын маалыматы боюнча, учурда маалыматтын тактыгы текшерилүүдө. Милициянын материалдары тергөө комитетине өткөрүлүп берилген.