Екатеринбургда баласын сатууга аракет кылган келиндин курбусу: «Туугандары чалып, акча сурай беришчү»

Екатеринбургда 7 жаштагы баласын сатууга аракет кылган кыргыз келин 2 айга камакка алынды. Ал баласын 300 миң рублга баалаган. Орусиянын «БезФормата» басылмасы келиндин курбусу менен байланышып, анын мындай жолго баруусунун себебин сурашкан.

«Наргизанын туугандары Кыргызстанда жашашат. Алар дайыма чалып, акча сурашат. Алардын кредити бар экен. Мен так билбейм, бирок ал туугандарына жардам бергиси келсе керек, бирок өзүлөрү жакшы турушат»,— деген Изат аттуу курбусу.

Буга чейин Екатеринбургда Наргиза аттуу аялдын баласын 300 миң рублга сатууга аракет кылганы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ТИМден окуя тууралуу маалымат беришип, келиндин Кыргызстандын жараны экенин билдиришкен.