Екатеринбургда баласын сатууга аракет кылган кыргыз келин. Бала балдар үйүнө жөнөтүлдү

Екатеринбургда баласын сатууга аракет кылган кыргыз келиндин 7 жаштагы уулу балдар үйүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Орус ЖМКларга анын өгөй атасы билдирди.

Маалыматка караганда, баланын абалы жакшы. Өгөй атасы ага кайын-журту таарынып жатканын айтты. Бирок ал жубайы баласын сатууга аракет кылат деп ойлонбогонун айтты.

Ал учурда Орусияда айдоочу болуп иштейт жана 6 баланы бага аларын айтат.