«Эки ай далил топтошкон». Ошто милиция баңгизат саткандарды кармады

Ошто баңгизат сатып жүрүүгө шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

«Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн кызматкерлер 2 ай бою ыкчам көзөмөл иштерин жүргүзүшүп, тиешелүү далил маалыматтар топтолгон соң, Ош шаарынын 1981-жылы туулган К.А. жана 1991-жылы туулган М.Т. аттуу жарандарды баңгизат сатып жүргөн жеринен кармашты. Кармалган шектүүлөргө тинтүү жүргүзгөн учурда, алардын жанынан 5,13 грамм гашиш наркотикалык заты табылды», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына катталган. Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү 1981-жылы туулган К.А. буга чейин уурулук, тоноо, каракчылык беренелери менен соттолгону белгилүү болду. Ал эми экинчи шектүү буга чейин 17 батир уурулукка тиешелүү болгондугу үчүн кармалып, үй камагында жүргөнү аныкталды. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Ош шаардык соту тарабынан каралып, тергөө аяктаганга чейин камакта калтырылды.