Эки автоунааны өлкөгө мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алынып келген Honda Stepwagon жана Honda Fit үлгүсүндөгү авто унаалар аныкталды. Бул туурасында Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, автоунаалар Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган.

Кармаган учурда айдоочуларда автоунаага тийиштүү документтер жок болгон.  Мындан улам унаалар “Бими Баткен” убактылуу сактоочу кампасына коюлду.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.