Поезд тебелеп, эки бутунан ажыраган Тилек Жумабеков менен жубайы каза болгон жол кырсыктын чоо-жайы

Кечээ, 29-августта поезд тебелеп, эки бутунан ажыраган Тилек Жумабеков менен жубайы көз жумганы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдывалиев жубайлар жол кырсыктан каза болгонун билдирген. Кырсык Кемин шаарында катталган.

Милициянын маалыматына караганда, кырсык 26-августка караган түнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда катталган. Субару Легаси үлгүсүндөгү жеңил унаа менен MAN жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 5 адам көз жумган. 

Ал эми кырсык боюнча Кемин шаарынын мэри төмөнкүлөргө токтолгон. «Дос баласынын туулган күнү окшойт. Ошол жактан келе жатып, оор жүк ташуучу унаанын алдына кирип кетиптир. Унаадагы 5 адам көз жумду. Кырсык түнкү саат 00:36да катталды деп жатышат», — деген ал.