Эки чет өлкөлүк 120дан ашуун адамга Кыргызстандын электрондук визасын жасоого шектелип жатат

Эки чет элдик жаран 120дан ашуун адамга КРнын жасалма электрондук визасын жасаган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«Козголгон кылмыш ишинин алкагында Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн биринин жарандары А.М.З. жана Б.Д. кармалып, алар Кыргызстанга акчалай сыйлык алуу үчүн ишкерлердин кейпин кийип, Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынын аймагында мыйзамсыз мигранттардын арасында жасалма документтерди даярдоо жана сатуу каналын уюштурушкан», — деп айтылат билдирүүдө.