Эки депутаттын унаасын өрттөп кетишти

иллюстрация

Амур облусунун Белогорск шаарында түндө белгисиз адамдар 2 унааны өрттөп жиберишкен. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык тууралуу билдирүү 13-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 3:23 чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге тогуз өрт өчүрүүчү жана эки техника жөнөтүлгөн.

Өрт өчүрүүчүлөр өрттүн жакынкы имаратка жайылышына жол бербөөгө аракет кылышкан. Өрттүн болжолдуу себеби – өрттөө.

Амур облусунун прокуратурасы эки унаа тең Белогорск шаардык кеңешинин депутаттарына таандык экендигин билдирди. Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин 2-бөлүгүнүн (мүлктү атайылап өрттөп жок кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.