Бишкекте чет өлкөлүк студенттердин сабалганы тартылган видео тарады

Социалдык тармактарда Бишкекте белгисиз жигиттер чет элдик студенттерди сабап салгандагы видео тарады. Маалыматка караганда, студенттер «Салам Намасте» кафесинде эс алып жатышкан.

Бул маалыматты журналисттерге аталган кафеден тастыкташкан. Мушташ 7-майда саат 23:30 чамасында болгон. «Кафеге Индиядан студенттер келишкен, алар заказ бергенге да үлгүрүшкөн жок. Бул учурда мекемеге кыргызстандыктар кирип келип, аларга кол салып, сабап башташты. Алдын ала маалыматтар боюнча, үч адам жабыркаган. Мушташтын себептери белгисиз», — деп айтылат маалыматта.