«Эки унаа сүзгөн». Токмоктогу жол кырсыкта 6 жаштагы бала көз жумду

Чүйдө жол кырсыктан адам өлүмү катталды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя 7-август күнү болжол менен саат 18:30 Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 58-чакырымындагы «Гавайи» кафесинин тушунда катталган. 2016-жылы туулган бала жолго чуркап чыга калган. Аны 2002-жылы туулган жигиттин башкаруусундагы Хонда Стэпвагон үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткенден кийин ыргып кетип, капталында келе жаткан Кио Рио үлгүсүндөгү унаага урулган. 6 жаштагы бала окуя болгон жерде көз жумган.