«Экинчи жаран эсине келбей каза болгон». Милиция Караколдогу 2 адам каза болгон окуя тууралуу маалымат берди

Социалдык тармактарда Караколдогу курулуп жаткан аэропортто 2 адам каза болду деген видео тараган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги каза болгон жарандын бир тууганы менен байланышканыбызда, окуя кечээ, 5-июнда болгонун билдиришти. Маалыматка караганда, аэропортто 44 жаштагы Рустам Аманкулов менен 40 жаштагы Азамат Байгелдиев аттуу Ак-Суу районунун Жылдыз айылынын тургундарын темир басып калып каза болушкан. Ал эми дагы бир жаран ооруканага жеткирилип, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатканын айтты.

«Менин бир тууганымдын жумушка киргенине 8 эле күн болгон. Каза болуп калган дагы бир жаран экөө айылдаш болчу. Негизинен ал жерде 4 адам болгон экен. Кран тийип, ширетип жаткан темирлер басып калыптыр. Ал учурда төртүнчүсү сууга кеткен экен. Басып калганда да жетекчилик, ошол жакка жооптуу бир да адам барбаптыр. Жанындагылар кран менен темирлерди көтөрүп, ооруканага жеткиришкен экен. Азыркыга чейин жоопкер адамдар байланышкан жок. Сураган да жок. Тескерисинче кайра өлгөн адамдарды күнөөлөп жатышыптыр. Ал жерде коопсуздук техникалары сакталган эмес экен. Айылдагылар чогулуп, Караколго барганда тартылган видео тарап жатат. Бир тууганымдын аркасында 4, айылдашымдын артында 3 бала калды. Алардын келечегин ойлогон эч ким жок», — деген бир тууганы.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. «5-июнда болжол менен саат 17:00 чамасында темир конструкция 3 куруучуга түшкөн. 1978-жылы туулган жаран ошол жерде каза болгон. Ооруканага 1970 жана 1981-жылы туулган жарандар жеткирилген. 1981-жылы туулган жаран өзүнө келбей реанимацияда каза болгон. Аталган факты боюнча териштирүү башталган. Экспертиза дайындалган»,- дешти.