Экинчи кабаты толук күйүп кетти. Кара-Жыгач айылындагы балдар үйүнөн чыккан өрт өчүрүлдү

Кечээ, 13-январь саат 19:00 чамасында Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан балдар үйүнөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Ал жерге ыкчам түрдө эки өрт өчүрүүчү бөлүм жана ыкчам нөөмөт кызматы тартылган. Мекеменин ичинен тарбиячылары жана балдар эвакуацияланган. Жабыркагандар жок.

Өрт саат 20:13тө чектөөгө алынып, толук саат 23:08де өчүрүлдү. Натыйжада жыгач устундуу темир менен жабылган аянты 320 чарчы метр эки кабаттуу балдар үйүнүн чатыры, экинчи кабаты буюмдары менен толук күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.