Балдарды унаанын багажына салып айдаган айдоочуга 5500 сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Чүй облусу боюнча жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Чүй районун Токмок-Кошой унаа жолунан Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу балдарды унаанын багажына салып, айдап бара жаткандыгы боюнча видео тараган.
Бул факты боюнча Чүй районун ЖКККБнын кызматкерлери издеп табуу иш-чараларын жүргүзүп, Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун таап, укук бузуулар кодексинин 199-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, тийиштүү протокол түзүшүп, 5500 сом өлчөмүндө айып салышты.