«Экөө ооруканада». Айланма жолдо эки унаа сүзүшүп, бир адам каза болду (видео)

Кечээ, 29-январда социалдык тармактын колдонуучулары Айланма жолдо катталган жол кырсыктын видеосу менен бөлүшүшкөн. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык тууралуу маалымат беришти.

29-январда саа 19:25 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунун 17.500-чакырымында Алга айылынын жанынан 1995-жылы туулган жаран Toyota Prius  унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай, батыштан чыгышка карай келе жаткан айдоочу Кытай Республикасынын жаранынын башкаруусундагы Ситрак оор жук ташуучу унаасы менен сүзүшкөн. Кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу окуя болгон жерде көз жумган. Эки жүргүнчүсү ар кандай жаракаттары менен Кант шаардык ооруканасына жаткырылган.