«Экөө тең мас болгон». Бишкекте эркек кишини сабап салган кыздын 18 жашта экени маалым болду

Буга чейин социалдык тармакта 2 кыздын эркек кишини ур-токмокко алып жаткандагы видеосу тараган. Ленин РИИБден окуянын чоо-жайын маалымдашты.

Маалыматка караганда, кечээ, 17-апрелде саат 02:59 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Улуттук госпиталдан чалуу болуп, эркек кишинин сабалып, ооруканага түшкөнү маалымдалган. Аталган факты Ленин РИИБге каттоого алынган.

Ал жерге милиция барган учурда ошол күнү саат 00:30 чамасында Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде кайым айтышуудан улам 1983-жылы туулган жаранды аял киши сабап салганы аныкталган. Сабалган жаран мас абалында болгон. Бирок ал милицияга арыз жазуудан баш тартты. Сабаган кыз милицияга жеткирилген. Анын 2004-жылы туулган жаран экени аныкталган. Ал кыз да мас абалында болгон. Тергөө уланууда.