«Экөөнүн урушуп жатканын көрүшкөн». Ысык-Көлдө 31 жаштагы жаранды өлтүрүүгө шектелип жээни кармалды

Ысык-Көлдө кайым айтышуудан улам жээни таякесин бычак менен сайып жиберген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-июль күнү Жети-Өгүз РИИБге Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан билдирүү түшүп, анда болжол менен саат 22:20 чамаларында көкүрөк тушка бычак менен сайылган 32 жаштагы Аң-Өстөн айылынын тургуну ооруканага түшкөндүгү маалымдалган. Жабыркаган жаран эсине келбей ооруканадан каза болгон.

Маалымат райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жиберилген. Күбөлөрдүн милиция кызматкерлерине берген көрсөтмөлөрү боюнча бычакталган айылдашын айылдын ичинен табышкан жана дароо ооруканага алып барышкан. Ошондой эле аны акыркы жолу жээни менен көргөндөрүн жана жээни кызуу абалында жабырлануучу менен бир нерсе жөнүндө талашып жаткандыгын кошумчалашкан.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, райондук милициянын кылмыш иликтөө кызматкерлери эртеси каза болгон жарандын жээни 45 жаштагы Бишкек шаарынын тургунунун кармашып, тергөө кызматына өткөрүп беоишкен. Алгачкы сурак жүргүзүү учурунда, ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алган жана андан кылмышка далил зат катары ашкана бычагы алынган.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда. Кылмышка шектүү Жети-Өгүз РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.