Экс-депутат Алмазбек Баатырбеков УКМК тарабынан кармалды

«Кыргызстан» фракциянын мурдагы лидери, экс-депутат Алмазбек Баатырбеков УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, экс-депутат «Кумтөр» иши боюнча камакка алынган.

Биринчи Май райондук сотунан билдиришкендей, мурунку депутаттын баш коргоо чарасын кароо үчүн материал сотко түшө элек.