Экс-депутат Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыгарылды

Экс-депутат Алмазбек Баатырбеков кечээ, 15-июнда үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Алмазбек Баатырбеков УКМК тарабынан 9-июнда кармалган. Ал «Кумтөр» иши боюнча камакка алынып, ошол эле күнү сотто баш коргоо чарасы каралып, 31-июлга чейин камакка алынган болчу.