Экс-депутат Борис Сандын уулу Александр Сан кармалды. УКМК анын байлыктарын жарыялады

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Сан Борис Анатольевичтин уулу – Сан Александр Борисович кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, улуттук коопсуздук органдары тарабынан экс-депутаттын уулу кармалды. Ага 21-ноябрда кылмышка шериктеш болгон деген айып тагылып, 2024-жылдын 4-январына чейин УКМК тергөө абагына киргизилди.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ал экс-депутат Турсунтай Салимовго таандык болгон мурунку бала бакчанын (азыркы “Роял спорт” ден соолукту чыңдоо комплексинин) аймагына көп кабаттуу премиум турак жай курууну пландап жатышкандыгы аныкталган. Көп кабаттуу үйдү курууну баштоонун шарттарынын бири катары курулуш компаниясы турак жайдын курулушун бүткөрүүнүн кепилдиги жана күрөө катары кымбат батирди бериши шарт болгон. Андан кийин турак жай курууга уруксат алуу мүмкүн болбогондуктан, келишим бузулган. Бирок Ильшат Салимов 2020-жылдын январь айында Александр Сан жана Камчы Көлбаев менен сүйлөшүп алып, басым көрсөтүү жана күч колдонуу менен коркутуп премиум класстагы курулуш компаниясына таандык кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алышкан. Кийинчерээк бул батирди Камчы Көлбаев Чолпон-Ата шаарындагы имараты бар жер участогуна соода борборун куруу максатында алмаштырып алган.

Ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн батир экс-депутат Сан Бористин (“Сан-Сити” комплексинин, “Золотой Дракон” ресторанынын, мурунку “Сан-клуб” казиносунун ээси) Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга катышкан уулунун наамына катталган. Ошондой эле, Сандын үй-бүлөсү 59 бирдик кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө, анын ичинде жалпы баасы 80 миллион долларды түзгөн коммерциялык багыттагы мүлккө ээ экендиги боюнча маалымат алынган.

Тактап айтканда, Бишкек шаарында жалпы аянты 61 918 чарчы метр, 50 миллион долларды түзгөн кыймылсыз мүлк, анын ичинде учурда курулуш жүрүп жаткан, аянты 20 800 чарчы метр мурдагы “Сан сити” комплекси. Ысык-Көл облусунда — кыймылсыз мүлк объектилери, ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналарда жайгашкан баасы 15 миллион долларлык, жалпы аянты 12,9096 чарчы метр (12,9 га) жер участоктору. Чүй облусунда — баасы 15 миллион долларлык, жалпы аянты 201 000 чарчы метр (20,1 га) жер тилкелери. Ошондой эле, Сандын үй-бүлө мүчөлөрү курулуш, коомдук тамактануу, мейманкана бизнеси жана дүң жана чекене соода тармагындагы 11 ЖЧКнын тең түзүүчүлөрү болуп саналышат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта ишканалары бар экени аныкталган.