Экс-депутат Исхак Пирматов коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айып салынды

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту парламенттин мурдагы депутаты Исхак Пирматовго карата козголгон кылмыш ишин карады. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти.

Кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, судья Махабат Бекишева өкүмдү окуду. Ага ылайык, Исхак Пирматов 300 миң сом айыпка жыгылды. Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Мурдагы депутат 31-майда УКМК тарабынан кармалып, анын коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Анын бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, 31-июлга дейре УКМКнын СИЗОсуна камалган. Ал эми 13-июлда ден соолугуна байланыштуу «Бикард» менчик клиникасына жаткырылганы айтылган. 22-июлда анын бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыгарылган.