Экс-депутат Жаныбек Бакчиев камакта калтырылды. Ага эмне айып тагылганы маалым болду

Бишкекте Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Ал 25-октябрда соттун чечими менен камакка алынганы кечээ, 14-ноябрда белгилүү болду.

Жаныбек Бакчиевге карата баш коргоо чарасы тергөө бүткүчө –  23-декабрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу чечимими чыккан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизатты мыйзамсыз даярдоо) менен айыпталууда.