Экс-депутат Кубанычбек Нурматов алдамчылыкка шектелип кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан «Кыргызстан» саясий партиясынын экс-депутаты Кубанычбек Нурматов тарабынан жасалган ири өлчөмдөгү алдамчылык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Тергөө учурунда экс-депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экендиги боюнча далилдер табылды. «2013-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган учурда 500 миң доллардан ашык суммадагы кыймылсыз мүлктү алдамчылык менен алып алган. 2021-жылдын 20-сентябрында Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча алдамчылыкка шектелип кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.