Экс-депутат Кубанычбек Нурматов камакта калтырылды

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматовдун бөгөт чарасы каралып, камакта калтырылды.

Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, экс-депутат 20-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Экс-депутат 20-сентябрда УКМК тарабынан алдамчылыкка шектелип кармалган.