Экс-депутат Нургазы Айдаровго издөө жарыяланды

Уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо фактысы боюнча Жогорку Кеңештин экс-депутаты Айдаров Нургазы Абдыраевичке издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында, эл аралык уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн, анын ичинде Салимбай байвоча (Борбордук Азия өлкөлөрүндө баңги каражаттарын ташуу каналынын негизги уюштуруучуларынын бири) катары белгилүү болгон Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүнүн лидери Салимбай Абдувалиевдин ишмердигин Айдаров Нургазы Абдыраевич тарабынан каржылоо фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, Айдаров Абдувалиевдин укукка каршы ишмердигин жана «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев менен болгон тыгыз байланышын билип туруп, Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидерине ар тараптан сый-урмат көрсөткөн, ал өз кезегинде Айдаровдун Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагында жүргүзүп жаткан ишкердик жана башка иштерине колдоо көрсөткөн.

Чогултулган материалдардын негизинде Айдаровго карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана «Интерпол» Улуттук Борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланды.