Экс-депутат Орозайым Нарматова 20-февралга чейин үй камагында болот. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти.
«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 30-январындагы токтомуна ылайык, шектелүүчүгө карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 20-февралга чейин үй камагына өзгөртүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин саясатчынын жакындары анын ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыкканын билдиришкен.