УКМК: «Экс-депутаттар Талантбек Узакбаев менен Исхак Пирматов кармалды»

«Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоордун ар кандай баскычтарында коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ведомстволор аралык тергөө тобу ушул кылмыш ишине тиешеси бар адамдардын катышуусунда тергөө иш-аракеттерин улантууда.

Бүгүн, 31-майда бир катар тергөө иш-аракеттеринен кийин Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышка шектелип, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалды.