Экс-депутат Талантбек Узакбаев үй камагына чыгарылды

Экс-депутат Талантбек Узакбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Ал «Кумтөр» ишине байланыштуу коррупцияга шектелип 31-майда кармалган эле.

«Узакбаев үй камагында болгон мезгилде сотко чейинки өндүрүш аяктаганга чейин кат алышуу жана жөнөтүүгө, күн сайын саат 22:00дөн 06:00гө чейин үйдөн чыгып кетүүгө, административдик аймактын административдик чегинен тышкары чыгууга тыюу салынат. Бишкек шаарынын сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн органдын уруксатысыз жана ал талап боюнча келүүгө милдеттенме алган», — деп айтылат маалыматта.