Экс-мэр Азиз Суракматов камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматовдун жактоочусунун баш коргоо чарасына каршы доо арызын карады. Жактоочу тарап шаардык соттон Биринчи Май райондук сотунун мурдагы мэрди камакта калтыруу чечимин жокко чыгарууну суранган.

Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Тактап айтканда, ал 26-июлга чейин камакта болот.

Суракматов 26-майда коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектелип Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган. 28-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, 26-июлга чейин камакта калтырылган.