Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов УКМК тарабынан кармалды

Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматов кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, мурунку калаа башчысына УКМК тарабынан мыйзамсыз байыган деген кине коюлуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Белгилей кетсек, Азиз Суракматов саат 16:00дөн баштап УКМКнын Бишкектеги башкы кеңсесинде сурак берип баштаган эле.