Депутат Төрөбай Зулпукаров менен экс-премьер Жоомарт Оторбаев камакта калтырылды

Бүгүн, 24-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда депутат Төрөбай Зулпукаров менен экс-премьер Жоомарт Оторбаевдин бөгөт чарасы каралып, камакта калтырылды. Алар 30-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болот.

Зулпукаров УКМК тарабынан 31-майда кармалып, анын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карап, аны 2 айга камакка алган. 27-июлда анын бөгөт чарасы узартылып, 30-сентябрга чейин камакта калтырылган.

Жоомарт Оторбаев 16-сентябрда УКМК тарабынан кармалган. Кийинчерээк анын «Кумтөр Голд Компани» чет элдик компаниясынын кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук бергени айтылган.